Прокуратура органдарынын ардагери Рахманберди Мусаев дүйнө салды — некролог
4 январь

Прокуратура органдарынын ардагери Рахманберди Мусаев дүйнө салды — некролог

Кыргызстандын прокуратура органдарынын ардагери, өз өмүрүн мыйзамдуулукту чыңдоого жана адилеттүүлүктү камсыздоого арнаган Мусаев Рахманберди Мусаевич 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. 

Рахманберди Мусаевич 1952-жылдын 20-июнунда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кайрыгач айылында туулган.

1980-жылы Фрунзе шаарындагы "СССРдин 50 жылдыгы" атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, ошол эле жылы прокуратура органдарында ишин баштаган. 

35 жылдан ашуун прокуратура жана юстиция органдарында талыкпай эмгектенип, төмөнкү кызматтарды аркалаган:

  • 1980-1981-жж. – Ош облусунун прокуратурасында соттордо кылмыш иштерин кароону көзөмөлдөө бөлүмүнүн стажеру;
  • 1981-1983-жж. – Ош шаардык прокуратурасында тергөөчү, улук тергөөчү;
  • 1983-1984-жж. – Ош облусунун прокуратурасында улук тергөөчү;
  • 1984-1985-жж. – Өзгөн районунун прокурору;
  • 1985-1989-жж. – Ош облусунун прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн прокурору, бөлүм башчысынын орун басары;
  • 1989-1993-жж. – Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун прокурору;
  • 1993-2000-жж. – Баткен облусунун Баткен районунун прокурору;
  • 2000-2004-жж. – Ош облусунун прокурорунун орун басары;
  • 2004-2005-жж. – Ош шаарынын прокурорунун орун басары;
  • 2005-2007-жж. – Кара-Кулжа районунун прокурору;
  • 2007-2008-жж. – Ош шаарынын прокурорунун орун басары.

Пенсияга чыккандан кийин дагы мамлекеттик кызматын улантып, юстиция органдарында жетекчилик кызматтарды аркалаган:

  • 2008-2015-жж. – Ош шаардык жана Ош облусунун юстиция башкармалыктарынын башчысы;
  • 2015-ж. 4-сентябрь – 13-октябрь – Нарын облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы.

Рахманберди Мусаевич ар бир ишти так аткарып, мыйзамдуулукту жана тартипти чыңдоого өзгөчө салым кошкон. Анын ак эмгеги мамлекеттик жогорку сыйлыктар менен белгиленип, кесиптештеринин жана жалпы коомчулуктун урмат-сыйына ээ болгон.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жамааты анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Рахманберди Мусаевичтин жаркын элеси, таза ишмердүүлүгү жана адилеттүүлүккө болгон бекем ишеними түбөлүккө эсибизде сакталат.