Бишкектин айрым жерлеринде 27-мартта ичүүчү суу болбойт
Бишкектин айрым жерлеринде 27-мартта саат 9:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу болбойт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүү аймагы Панфилов көч., Манас пр., Фрунзе көч., — темир жол менен чектешет.
Тоголок Молдо суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

