Москвада жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча кыргыз-россиялык ведомстволор аралык консультациялар өттү
12 декабрь

Москвада жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча кыргыз-россиялык ведомстволор аралык консультациялар өттү

Москвада 12-декабрда жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча кыргыз-россиялык ведомстволор аралык консультациялар өттү, деп билдирет ТИМдин маалымат кызматы.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын, Коргоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү кирген делегациянын Кыргыз бөлүгүн КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, ал эми Россиялык бөлүгүн Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин жетектеди.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы кырдаалдын контекстинде аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле,  ЖККУнун, КМШнын, ШКУнун жана БУУнун алкагында  эки тараптуу жана көп тараптуу негизде эл аралык терроризм, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруштук берүү  маселелери боюнча пикир алмашуулар болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коопсуздукту камсыз кылууда, анын ичинде эки өлкөнүн тиешелүү түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн учурдагы каналдары аркылуу мындан ары да кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.