ЖК төрагасынын орун басары кызматына Жылдыз Садырбаева шайланды
Жогорку Кеңештин 30-апрелиндеги жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо үчүн Жылдыз Садырбаеванын талапкерлиги каралды.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Жылдыз Садырбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигин 76 депутат колдошту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Белгилей кетсек, 28-апрелде депутат Жамиля Исаева өз каалоосу менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматын тапшырган.
