Кыргыз Республикасында диний уюмдарга үймө-үй кыдырууга тыюу салуу сунушталууда
12 декабрь

Кыргыз Республикасында диний уюмдарга үймө-үй кыдырууга тыюу салуу сунушталууда

Бүгүн, 12-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Аталган мыйзам долбоорлору тууралуу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов маалымат берди.

Анын айтымында, «Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун максаты жарандардын жана диний бирикмелердин ишиндеги укуктарын жана жоопкерчиликтерин ишке ашыруу жана диний чөйрөдөгү мыйзам актыларын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат. Мыйзам долбоору диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын ырааттуулугун камсыз кылууга жана мыйзам базасын өркүндөтүүгө багытталган.

Ал эми «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк диний билим алуу процессин жөнгө салуу сунушталууда. Мындан сырткары чет өлкөдөгү деструктивдүү диний окуунун таасиринин алдын алуу жана ага жол бербөө, ошондой эле билим алуучулардын статистикасын жүргүзүү максатында чет өлкөдө диний билим алууну каалаган адамдар өздөрүнүн өлкөдөн чыгуусун Дин комиссиясы жана тиешелүү диний уюмдун борбордук башкаруу органы менен макулдашуусу керек. Жогорудагы талаптарды аткарбаган учурда, билим алуучунун диний окууну аяктагандыгын тастыктаган документ Кыргыз Республикасынын аймагында жараксыз деп эсептелет.

Андан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө», «Электрондук соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоого ээ болду.