Сел жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу 12-майда Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
«Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 номерине чалып билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», – деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.
