Нургазы Асылбеков Талас шаарынын мэри болуп дайындалды
9 октябрь

Нургазы Асылбеков Талас шаарынын мэри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Асылбеков Нургазы Чолпонкулович Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас шаарынын мэри болуп дайындалды.