Жалал-Абад шаарында Жаштар аллеясы ачылды
Жалал-Абад шаарынын Н.Айтматова көчөсү менен Т.Байзаков проспектисинин кесилишинде Жаштар аллеясы ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Аллеянын ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков баштаган депутаттар жана шаар туургундары катышты.
Аллеянын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланып, ага 14,95 млн. сом акча каражаты жумшалды.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин аталган аллеянын ордунда жана сел каналдын үстүндө мыйзамсыз курулган соода жайларды, тез татым жайларын буздуруп, шаарга көрк берген заманбап аллея куруу тапшырмасын берген.
