Владимир Шадыканов коргоо министринин орун басары кызматынан бошотулду
8 июль

Владимир Шадыканов коргоо министринин орун басары кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 8-бөлүгүнө, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары Шадыканов Владимир Жумалиевич өз каалоосу боюнча берген билдирмесине ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.