Сүрөт ачык булактардан алынды
2 ноябрь
Кыргызстандын кинотеатрларына бир жылда 4 млн ашык көрүүчү барган
2025-жылы Кыргызстандагы кинотеатрларга 4 миллиондон ашык көрүүчү барган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө 32 кинотеатр иштейт. Бир жыл ичинде аларда 247 миңден ашык киносеанс өткөрүлгөн.
Кинотеатрлардын эң көбү Бишкек шаарында жайгашкан. Борбор калаада 10 кинотеатр бар. Ал эми Нарын облусунда жана Ош шаарында бештен, Чүй облусунда төрт кинотеатр иштейт.
Улуттук статистика комитети белгилегендей, революцияга чейин Кыргызстандын аймагында бир гана кино көрсөтүүчү жай болгон. Ал Пишпек шаарында, азыркы Эмен багынын аймагында жайгашкан.
Бүгүнкү күндө өлкөдөгү кинотеатрлар тасмаларды көрсөтүү үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздалган.
