
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар дээрлик саат сайын кризистик борборлорго кайрылышат
2023-жылы калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорго жана башка адистештирилген мекемелерге 14 миңден ашык адам, алардын 52 пайызы (7 миңден ашык адам) үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча кайрылган.
Үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча кайрылгандардын ичинен 96 пайызын аялдар түздү.
2023-жылы кризистик борборлорго жана калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү мекемелерге кайрылган аялдардын ичинен салыштырмалуу көпчүлүгүн (48 пайызын) 18-34 жаштагы аялдар түздү, 35-39 жаштагы аялдардын үлүшү 23 пайызды, 40-49 жаштагы – 19 пайызды, 50 жаш жана андан улууларды – 6 пайызды, кайрылган балдардын үлүшү 3 пайызды түздү.
Аялдардан айырмаланып, эркектердин үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жана жардам сурап кайрылгандардын курактык топтор боюнча бир калыпта бөлүштүрүлгөн.