Айыл чарба министрлиги этти базарлардан 550 сомдон сатып алса болорун эскертет
26 март

Айыл чарба министрлиги этти базарлардан 550 сомдон сатып алса болорун эскертет

Бишкектеги Аламүдүн, Орто-Сай, Ош базарларында социалдык аянтчалар иштеп жатат, анда эт азыктарынын баасы базар баасынан төмөнкү баада сатылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги эске салат.

Айтсак, министрлик тарабынан уюшулган социалдык аянтчаларда бир килограмм эттин наркы 550 сом түзөт.

Эскерте кетсек, Социалдык аянтчалар Министрлик тарабынан калкты социалдык маанилүү азыктардын бири болгон эт азыктарына жеткиликтүү баа менен камсыз кылуу максатында уюштурулган.

Ал аянтчалар Орто-Сай, Аламүдүн жана Ош базарларында жайгашкан. Мындан сырткары, калкты арзан баадагы азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында республика аймактарында дем алыш күндөрү жарманкелер уюштурулууда.