Айдаркенде коомдук алдын алуу борбору пайдаланууга берилди
Айдаркен шаарында “Милиция менен элдин ортосундагы социалдык кызматташтык” долбоорунун алкагында коомдук алдын алуу борборунун (КАБ) имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Коомдук алдын алуу борбору 14 миң 600 жаранды тейлеп, элге ар тараптуу жардам көрсөтүлүп, милиция кызматкерлери менен биргеликте иш алып барат.
Имараттын ачылышына Баткен ОИИБдин башчысы Улан Жукенов, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери КАБдын мүчөлөрү, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Бул коомдук алдын алуу борборунун бир бөлмөсүндө аксакалдар соту, аялдар кеңеши ошондой эле жаштар координаты, ал эми экинчи бөлмөсүндө ошол аймакты тейлеген милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү менен жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчү жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алып, иш алып барышат.
