Таласта 9 киши шаурмага ууланды
15 июнь

Таласта 9 киши шаурмага ууланды

Талас облусунда 14-июнда массалык түрдө тамак-аштан уулануу фактысы катталып, 9 адам жабыркаган, анын төртөө 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы менен жабыркагандардын бардыгы Талас шаарындагы «Казан Шаверма» тез татым түйүнүнөн шаурманы жегени аныкталган.

Кечинде уулануунун алгачкы белгилери байкалып, саат 23:00 чамасында жабыркагандар медициналык жардам сурап кайрылышкан. Алгачкы текшерүүдөн жана жардам көрсөтүүдөн кийин бардыгы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Учурда аталган жай убактылуу жабылды, тиешелүү текшерүү иштери жүрүүдө.