Баткен жана Фергана облусунун башчылары чек арада жашаган тургундар менен жолукту
4 июнь

Баткен жана Фергана облусунун башчылары чек арада жашаган тургундар менен жолукту

КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров Кыргызстандын Кадамжай районунун Чечме айылынын эли жана Өзбекстандын Сох районунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу КР президентинин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жолугушууда Чечме булагын биргеликте пайдалануу боюнча жергиликтүү деңгээлдеги бир катар маселелер ортого салынып, эл менен кошо чечимдер кабыл алынды.

Айыл аксакалдары бардык маселелердин сүйлөшүү жолу менен чечилүүсүн кубаттап, кошуна жашаган эки элге ынтымак каалап, бата беришти.

Белгилей кетсек, 26-майда КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Айдаркен шаарында эл менен жолугушкан.

Жолугушууда кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоонун жүрүшүндө Чечме булагы толугу менен Кыргызстанда калганын айткан. Ал эми булактын суусун мурдагыдай эле эки өлкөнүн эли биргеликте пайдалануусу макулдашылганын билдирген.