Бишкекте көчөдө кызды сабаган жаран кармалды. Кыз арыз жазуудан баш тартты
9 октябрь

Бишкекте көчөдө кызды сабаган жаран кармалды. Кыз арыз жазуудан баш тартты

Бишкектин Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран кызды сабаган. Окуяны күбөлөр видеого тартып алышкан. 

Бишкектин Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн. 

Окуянын катышуучуларынын өздүгү такталып, алар милиция бөлүмүнө жеткирилген. 2007-жылы туулган А.Н., аттуу жаран арыз жазуудан баш тарткан.

Тергөө материалдары Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди. 1998-жылы туулган Б.Э., аттуу жаранга карата административдик протокол түзүлгөн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция коомдук жайларда ар кандай зомбулукка жол берилбестигин жана мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертет. Мыйзамсыз аракеттер үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилиги каралган.