Кыргызстандын аймагында бир суткада 16 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 күжүрмөн эсеп тартылган.
ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын ичинде:
- Бишкек шаарында – 2;
- Ош облусунда – 3;
- Чүй облусунда – 6;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 2;
- Талас облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 1 тилсиз жоо катталган.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болду.
