Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды
Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 25-мартта болжол менен саат 20:00дө Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Силкинүү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылында 4 балл, Кочкор-Ата шаарында, Момбеков, Курулуш, Сакалды айылдарында 3,5 балл, Шамалды-Сай шаарында, Масы, Кара-Булак, Кызыл-Туу айылдарында, Майлуу-Суу шаарында жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон, Совет айылдарында 3 баллга (Бүргөндү айылынан 4 чакырым түштүк-батышка, Момбеков айылынан 12 чакырым түшүк-батышка, Кочкор-Ата шаарынан 18 чакырым түштүк-батышка, Шамалды-Сай шаарынан 20 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
