Ош шаарындагы Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрүнүн кесилишине айланма жол курулат
10 январь

Ош шаарындагы Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрүнүн кесилишине айланма жол курулат

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрүнүн кесилишине айланма жол куруу чечими кабыл алынды.

Мэриядан кабарлашкандай, аталган кесилиште жол кырсыктары байма-бай катталып келгендиктен, айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүү максатында бул долбоор ишке ашырылууда.

Учурда тиешелүү мекемелер тарабынан жол жээгинде курулуш иштерине тоскоолдук жараткан айрым имараттарды бузуу жана алып салуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрү 2025-жылы толук реконструкциядан өткөрүлүп, жол кеңейтилип, асфальт төшөлгөн.