Ош мэриясы коммуналдык чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Ош шаарынын мэриясында 26-мартта коммуналдык чарба кызматкерлердин күнүнө карата сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри ЖеңишбекТокторбаев, шаардык кеңештин депутаты Ниязбек Нурбаев, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери, профсоюздардын өкүлдөрү катышты.
Шаар мэри учурда коммуналдык кызматкерлер эң керектүү тармактардын бири экенин белгилеп, шаарды өнүктүрүү, жашылдандыруу, тазалоо жана көрктөндүрүү, жылуулук менен камсыздоо системасын жакшыртуу үчүн талыкпай эмгектенип келе жаткан кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Иш-чаранын алкагында күжүрмөн эмгеги жана аракети менен айырмалангандарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, ыраазычылык баракчалары жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.
Ошондой эле, коммуналдык кызматкерлер Ош шаардык кеңешинин, профсоюздардын өкүлдөрүнүн сыйлыктары менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, жыл сайын март айынын үчүнчү жекшембисинде КРнын турак жай жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.
