Ысык-Көл облусунун Кара-Кыз айылынын тургундары таза суу менен камсыз болду
12 декабрь

Ысык-Көл облусунун Кара-Кыз айылынын тургундары таза суу менен камсыз болду

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кара-Кыз айылында ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Бул долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылды.

Аталган айылда 122 үй-бүлө, тагыраагы 659 тургун жашайт.

Бүгүнкү күндө төмөнкү иштер аткарылды:

  • Каптаждан резервуарга чейин 500 метр узундуктагы суу түтүгүн куруу.
  • 2×50 м³ көлөмүндөгү резервуар орнотулду.
  • Жалпы узундугу 7 км болгон суу түтүк системасы орнотулду.
  • Ичүүчү сууну дезинфекциялоо үчүн хлоратор орнотулду.
  • Лаборатория жана кайтаруу бөлмөсү үчүн эки контейнер орнотулду.
  • Контейнерлердин сырткы бөлүктөрү оңдолуп, жылууландырылды жана колдонуунун шартына ылайык даярдалды.
  • Коомдук мекемелерге суу түтүктөрү тартылды.

Азыркы учурда жумушчу комиссия менен кабыл алуу-өткөрүү иштери аяктады.

Белгилеп кетсек, аталган долбоор Кара-Кыз айылынын тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылууда маанилүү кадам болуп саналат.