"Ала-Тоо 1" жана "Ала-Тоо 2" конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт
3 март

"Ала-Тоо 1" жана "Ала-Тоо 2" конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт

"Ала-Тоо 1", "Ала-Тоо 2" конуштарында 6-мартта саат 09:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты. 

«Ала-Тоо»  суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» МИси  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.