Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген шектүү кармалды
2025-жылдын 31-октябрында болжол менен саат 07:00 чамасында Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан түнкү клубдардын биринин жанында белгисиз адамдар коомдук тартипти жана жарандык жүрүм-турумдун ченемдерин одоно бузуп, А.Э. жана А.Б. жарандарга ар кандай даражадагы дене жаракаттарын келтиришкен. Андан соң шектүүлөр окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүп башталган.
Тергөө-ыкчам иш чаларынын жүрүшүндө, 2004-жылы туулган Д.Р. жана 2002-жылы туулган Н.Н. аттуу шектүүлөр кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Борбордук милиция эскертет:
коомдук тартипти бузуу, агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүү же коомдук жайларда жана көчөлөрдө массалык мушташтарга катышуу фактылары кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып келет. Мындай аракеттер үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
