ТИМде К.Тилебалиев атындагы камкордукка алынган Панфилов мектеп-интернатынын тарбиялануучулары менен Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган жолугушуу өттү
2025-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде К.Тилебалиев атындагы Панфиловдогу камкордукка алынган мектеп-интернатынын тарбиялануучулары менен Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган жолугушуу болуп өттү.
Иш-чарага Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, дипломатиялык корпустун дуайени – Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Назирмад Ализода, ошондой эле Ардактуу консулдар клубунун төрайымы Айжан Чыныбаева катышты.
Ачылыш сөзүндө А.Исаев балдарды майрамы менен куттуктап, бул кайрымдуулук демилгесин колдогон дипломатиялык корпуска жана Ардактуу консулдар клубуна ыраазычылык билдирди. Ал мындай жолугушуулар жакшы салтка айланып, балдар үчүн камкор жана адилеттүү чөйрөнү түзүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.
Элчи Н.Ализода КР ТИМи тарабынан жыл сайын уюштурулуп жаткан кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесин жогору баалап, бул сыяктуу иш-чараларды мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди. Ал Тажикстан Өкмөтүнүн квотасынын алкагында интернаттын бүтүрүүчүсүнө Душанбе шаарындагы каалаган жогорку окуу жайында окуу үчүн бир грант ыйгарыларын жарыялады.
Ардактуу консулдар клубунун төрайымы А.Чыныбаева балдарга жигердүү болуу, англис тилин үйрөнүү жана кыялдануудан коркпоо өңдүү кеңештерин берди. Ал Ардактуу консулдар клубунун атынан ар бир балага атайын белектерди тапшырып, жаркын келечек каалады.
Иш-чаранын алкагында мектеп-интернатка 300 000 сомдук сертификат салтанаттуу түрдө тапшырылды. Ошондой эле балдар үчүн майрамдык дасторкон уюштурулуп, таттуулар жана белектер берилди.
Мектептин жетекчилиги жана тарбиялануучулары көргөзүлгөн көңүл буруу жана камкордук үчүн ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар дем берип, ишеним тартуулайт экенин, жүрөктө узакка сакталат экенин айтышты.
Жыйынтыгында А.Исаев дагы бир жолу балдарды майрамы менен куттуктап, мугалимдерге жана тарбиячыларга келечек муунду тарбиялоодогу жан аябас эмгеги, мээрими жана кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
