Айтматов милициясы интернет кылмышына шектүү катары банк кызматкерин кармады
26 март

Айтматов милициясы интернет кылмышына шектүү катары банк кызматкерин кармады

2024-жылдын 2-декабрында Айтматов РИИБге 1998-ж.т. келин арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2024-жылдын ноябрь айында “Ватсап” социалдык тиркемесине белгисиз номерден шилтеме келип, онлайн акча табууну сунуштап, натыйжада “МБанк” электрондук капчыгындагы көп суммадагы акчасынан куру кол калганын билдирген.

Аталган факты Айтматов милициясы тарабынан каттоого алынып, текшерүү учурунда арыз ээсине белгисиз жаран “Ватсап” социалдык тиркемеси аркылуу байланышып, онлайн иштеп, акча табууну сунуштаган. Ал сунушта арыз ээси “Ватсапка” келген ссылкаларды башкалар менен бөлүшүп туруусу керек болгон. Алгач бөлүшкөн ссылкалары үчүн 200, 500 сом өлчөмүндөгү акчалар арыз ээсинин “Мбанк” карточкасына келип түшүп турган. Арыз ээсин интернет алдамчылары бул жумушка азгырып алган соң, мындан дагы көбүрөөк акча табууну сунуштаган. Сунуш боюнча арыз ээси интернет алдамчысынын электрондук капчыгына акча салуусу керек болгон. Алгач арыз ээси алгач 12 800 сом акча салган. Бирок салган акчасы кайра толук кайтарылбагандыктан, интернет алдамчысы дагы акча салып, көбүрөөк кайтарып алууну сунуштаган. Салган акчаларын кайра кайтарып алуу үчүн арыз ээси 9 жолу ар түрдүү суммадагы акчаларды которуп, жалпы суммасы 1 027 800 сомду түзгөн. Жыйынтыгында байланыш номер өчүп калган. Арыз ээси интернеттен онлайн акча табууну сунуштаган жаранды бир дагы жолу көргөн эмес, бирок оңой акча табуу азгырыгына алданып калган.

Бул факты Айтматов РИИБдин КБРне КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Айтматов РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Нарын шаарындагы банктардын биринин кызматкери, 2000-ж.т. Т.Р. кармалып, жанынан чет өлкөлүк 1 банктык карточка, Кыргызстандын 6 банктык карточкалары, 1 төлөм картасы жана “POKO х5” үлгүсүндөгү уюлдук телефону табылып алынган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө арыз ээсинин акчалары шектүүнүн электрондук капчыгына жана ага таандык болгон банктык эсебине которулгандыгы такталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.