Кыргызстандыктар Россияда кантип легалдаша алышат?
15 март

Кыргызстандыктар Россияда кантип легалдаша алышат?

Россия Федерациясында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына өздөрүнүн жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берилген.

2025-жылдын 30-апрелине чейин алар Россиянын аймагынан өз алдынча чыгып кетүүгө же Россиянын аймагынан чыкпай туруп өздөрүнүн  укуктук абалын жөнгө салууга милдеттүү.

Россияда жүргөн жарандар өздөрүн РФнин ИИМнин расмий сайтынан mvd.ru мыйзамсыз жүргөн жарандардын тизмесинен текшерип, эгерде өздөрүн тизмеден тапса, анда алар:

1. Россиянын ИИМнин аймактык бөлүмдөрүнөн, ал эми Москвада Көп функционалдуу миграциялык борборунан (ММЦ Сахорово) манжалардын издерин тапшыруу, сүрөткө тартуу процедураларынан, ошондой эле медициналык кароодон өтүүсү керек (эгерде өтпөгөн болсо);

2. Милдеттүү төлөмдөрдү төлөө керек (эгерде бар болсо). Карыздарды Россиянын Федералдык сот приставдар кызматынын расмий сайтынан текшерсе болот fssp.gov.ru

3. Жогорудагы процедуралардан өткөн соң, Россия Федерациясынын ИИМнин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө: паспорт, жумуш берүүчү тарабынан берилген эмгек/жарандык-укуктук келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана медициналык кароо, манжа изин тапшыруу, сүрөткө тартуу процедураларынан өткөндүгү жөнүндө документтерди тиркеп, тиешелүү арыз менен кайрылуусу керек.

Арыз менен кайрылган учурда жарандарга административдик штраф белгиленет, бирок “кара тизмеге” киргизилбейт жана аларга карата административдик чыгаруу чечимдери кабыл алынбайт!

Бардык  суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча кайрылуу керек: Москва ш., Малая Полянка көч., 7-үй, корп. 5, (метро Полянка). тел. +7 996 968 98 97 (күнү-түнү иштейт); +7 925 030 26 27 (дүйшөмбү-жума  9.00-18.00 МСК).