Оштун Саидов көчөсүндөгү жол эки эсе кеңейтилет
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев И.Саидов көчөсүндө Г.Айтиев көчөсү менен кесилишкен жерден тартып, Тимирязев көчөсүнө чейинки аралыкта жолду оңдоп-түзөө боюнча жүрүп жаткан иштерди көрүп чыкты.
Жаңы долбоорго ылайык, аталган көчөнүн жолу туурасынан 26 метрге чейин кеңейтилип, 4 тилкелүү болуп, узундугу 1,2 чакырымды түзөт.
Мында, тротуарларды куруу менен бирге ирригациялык тармактарды орнотуу жана жашыл аймактарды түзүү жумуштары жүргүзүлөт.
