Нарында таштанды иштетүүчү ишкана ишке берилет
Нарында таштанды иштетүүчү ишкана ишке берилет, деп кабарлайт президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Билдирүүгө ылайык, облус башчысы Алтынбек Эргешов күн мурун Нарын шаарынын таштанды төгүлүүчү полигонунун жайын көрдү.
«Нарын шаардык мэриясы тарабынан жана Ага Хан фондунун колдоосу менен таштанды иштетүүчү ишкана ачуу пландалып, долбоор ишке ашуу алдында турат», – деп айтылат маалыматта.
