Оштогу Эдельвейс дачасынын жолуна асфальт төшөлдү
Ош шаарындагы Эдельвейс дачасынын жолуна асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жолдун ачылышына шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, депутаттар жана жергиликтүү жашоочулар, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.
Алгач кызыл тасмасы кесилип, чогулгандар жолдон басышып, элдин суранычын орундаткан шаар мэрине, өлкө жетекчилерине ыраазычылык билдирип, баталарын беришти.
Жолдун узундугу бир чакырымды түзүп, абалы абдан начар болгон. Жайкысын чаң, кышкысын ылай болуп, айылдын негизги жолуна жеткенче жашоочулар кыйналып келишкен.
