
Бишкек–Душанбе үзгүлтүксүз каттамы жанданды
Душанбе–Бишкек–Душанбе жаңы үзгүлтүксүз каттамы ачылды. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсы расмий кабарлайт.
Аталган каттамды “Сомон Эйр” авиакомпаниясы аткармакчы.
Бул окуя Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы авиациялык байланыштарды бекемдеп, жүргүнчүлөр жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн колдоосу менен борборлор арасындагы үзгүлтүксүз каттамдар жол жүрүүнү жеңилдетип, экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшөт.