
Элчи Кубанычбек Боконтаев Москвада африкалык дипломаттар менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев акыркы бир ай ичинде Москвада аккредитацияланган африкалык мамлекеттердин дипломатиялык миссия башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Анын ичинде Ангола, Мали, Буркина-Фасо, Эфиопия жана Габон республикаларынын элчилери менен сүйлөшүүлөр болду.
Жолугушууларда тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын келечегин, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарды орнотуу жана экономикалык алакаларды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Элчи К.Боконтаев Кыргызстандагы негизги реформалар, коррупцияга каршы күрөш жана өлкөнүн экономикалык жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. Коррупцияга каршы күрөш жана алтын казып алууну мамлекеттик көзөмөлгө өткөрүү боюнча маселелер африкалык дипломаттардын өзгөчө кызыгуусун жаратты, анткени бул темалар Африка үчүн да өтө актуалдуу.
Мындан тышкары, тараптар БУУнун алкагындагы кызматташтыкты талкуулап, эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарында өз ара колдоо көрсөтүүнү маанилүү деп белгилешти. Ошондой эле, Элчи К.Боконтаев климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш дүйнөлүк күн тартибинде башкы орунга чыгып жатканын белгилеп, Кыргызстандын тоо демилгелери тууралуу кеңири маалымат берди жана африкалык мамлекеттерден бул демилгени колдоону өтүндү.