Чаткал районунун 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди
Бүгүн, 20-июнда Чаткал районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди, деп кабарлайт президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү.
Иш-чарага ага облус башчысы Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген коноктор, райондун ардагерлери жана тургундары катышты.
Мааракелүү иш-чаранын жүрүшүндө облус башчысы Тилек Текебаев куттуктоо сөз сүйлөп, Чаткал району өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жаткан өзгөчө аймактардын бири экенин белгиледи.
Өз сөзүндө ал райондун токсон жылдык тарыхы биримдиктин, эмгекчилдиктин жана туруктуу өнүгүүнүн үлгүсү экенин белгилеп, чаткалдыктардын аймактын өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы чоң экенин кошумчалады.
Ошондой эле акыркы жылдары өлкө жетекчилиги тарабынан аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, анын алкагында Чаткал районунда жолдорду оңдоо, таза суу менен камсыздоо, социалдык объектилерди куруу жана жаңылоо боюнча бир катар иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан бир катар жарандарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.
Белгилей кетсек, 1936-жылы негизделген Чаткал району бүгүнкү күндө өзүнүн жаратылыш байлыктары, кооз жаратылышы, туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү жана эмгекчил эли менен айырмаланып келет. Учурда райондо 28 миңден ашуун калк жашайт.
Мааракелүү иш-чара концерттик программа, театралдаштырылган көрүнүштөр, акындардын айтышы, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, улуттук каада-салттарды жана маданиятты даңазалаган иш-чаралар, ошондой эле Чаткал районунун социалдык-экономикалык жетишкендиктерин, туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган көргөзмөлөр менен коштолду.
