Токтогулда жол кырсыгынан эки адам каза болду
14 март

Токтогулда жол кырсыгынан эки адам каза болду

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда жол кырсыгы катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-мартта Бишкек — Ош унаа жолунун 300-чакырымында Honda Stepwagen унаасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө бир күжүрмөн эсеп жана авариялык-куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу тартылган.

Маалыматка ылайык, унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун нугунан чыгып кулаган, натыйжада өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза тапты.

Учурда жарандардын өздүгү такталууда.