Ленин районунда балдар эмгегин пайдаланууну аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү
26 март

Ленин районунда балдар эмгегин пайдаланууну аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү

Ленин райондук муниципалдык администрациясынын, МАБнын, укук коргоо органдарынын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү тарабынан балдарды мыйзамсыз эмгекке тартууну жана кайыр сураган учурларды аныктоого багытталган профилактикалык рейд өттү.

Рейддин жыйынтыгында ата-энесине жана туугандарына жардам көрсөтүп жаткан 5 жашы жете элек бала аныкталды. Үй-бүлөлөр менен балдардын укуктарын сактоонун зарылдыгы, аларды толук кандуу окутуунун жана эс алуунун маанилүүлүгү, ошондой эле балдар эмгегине тиешелүү мыйзамдык чектөөлөр жөнүндө профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле текшерүү учурунда кайырчылык менен алектенген улгайган жарандар аныкталды. Аларга социалдык колдоонун жеткиликтүү чаралары түшүндүрүлүп, зарыл болгон жардамды алуу үчүн тиешелүү кызматтарга кайрылуу боюнча сунуштар берилди.