Жалал-Абадда өрт коопсуздугу сакталбаган медициналык мекемелерге экертүү берилди
Жалал-Абад шаарында өрт коопсуздугу сакталбаган медициналык мекемелерге экертүү берилди, деп билдирет облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, облус башчысынын тапшырмасы менен облустагы саламаттык сактоо мекемелеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы көзөмөлгө алынууда.
Анын алкагында буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан,Жалал-Абад шаарындагы саламаттык сактоо объектилерине текшерүү иштери жүргүзгөн.
Бүгүн анан жыйынтыгы Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда өткөн жыйында талкууланып, өрт кырсыктарынын алдын алуу эрежелери сакталбаган медициналык жайларга эскертүүлөр берилип, аткаруу мөөнөттөрү коюлду.
