Жээнбек Кулубаев «БА – Кытай» форматындагы ТИМ башчыларынын V жолугушуусуна катышат
30 ноябрь

Жээнбек Кулубаев «БА – Кытай» форматындагы ТИМ башчыларынын V жолугушуусуна катышат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы тышкы иштер министрлеринин бешинчи жолугушуусуна катышат, ал 2024-жылдын 1-декабрында Кытай Эл Республикасынын Чэнду шаарында өтөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык кызматташуу жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы көп вектордуу өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланат.

Негизги темалардын бири 2025-жылы Казакстан Республикасында өтө турган «Борбордук Азия-Кытай» экинчи саммитине даярдык болот.