
КР ТИМ жана БУУнун Өнүктүрүү программасы Өлкөнүн программалык комитетинин жыйынын өткөрдү
КР Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) менен биргеликте Кыргызстандагы БУУӨПтүн Өлкөнүн Программалык комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Иш-чарага КР президентинин Ааминистрациясынын, Жогорку Кеңешинин, мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун агенттиктеринин, дипломатиялык корпустун жана жарандык коомдун кызматкерлери катышты.
Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев өз сөзүндө Кыргызстан БУУӨП менен кызматташуунун деңгээлин жогору баалай турганын баса белгиледи.
Ал белгилегендей, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Программа менен эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча конструктивдүү өз ара аракеттенүүдө. А.Исаев ошондой эле акыркы жылдары өлкөдө социалдык-экономикалык чөйрөдө масштабдуу реформалар жүргүзүлүп, ага Кыргызстандын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү да активдүү катышып жатканын маалымдады.
БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева Комитеттин катышуучуларына негизги жетишкендиктер менен тааныштырып, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн келечектеги артыкчылыктарын белгиледи.
Иш-чаранын талкуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү БУУӨПтүн өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү долбоорлорунун ишмердүүлүгүн талкуулашты, маалымат, тажрыйба жана ПРООНдун Кыргызстандагы мындан аркы ишмердүүлүгү боюнча сунуштар менен алмашышты.