КР ТИМ: Россияда жүргөн кыргызстандыктардын саны болжол менен 502 миң адамды түзөт
28 май

КР ТИМ: Россияда жүргөн кыргызстандыктардын саны болжол менен 502 миң адамды түзөт

Кыргызстандын Россия аймагында жүргөн жарандарынын жалпы саны болжол менен 502 миң адамды түзөт. Бул тууралуу 28-майда өткөн брифингде КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмазбек Байбосов билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата Россияда 472 336 кыргызстандык жаран жүргөн. Буга чейин бул көрсөткүчтө олуттуу өзгөрүүлөр байкалган: 2024-жылы — 656 304 адам, 2023-жылы — 408 448, ал эми 2022-жылы — 587 089 жаран катталган.

Россияда миграциялык каттоодо турган Кыргызстандын жарандарынын саны 2026-жылдын 1-январына карата 268 460 адамды түзгөн. Мурунку жылдары бул көрсөткүч жогору болгон: 2024-жылы — 379 794, 2023-жылы — 411 296 адам.

Ошондой эле Россияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин саны 2025-жылдын 30-июнуна карата 9 757 адам экени айтылды. 2024-жылы алардын саны 8 811 болгон. Анын ичинен 439 студент билим алуу максатында убактылуу жашоого уруксат алган.

ТИМдин маалыматына ылайык, жалпысынан Россиядагы кыргызстандыктардын саны азайып жаткан тенденция байкалууда. Ошол эле учурда кыска мөөнөттүү өзгөрүүлөр сезондук эмгек миграциясына байланыштуу экени белгиленди.

Мындан тышкары, учурда 91 566 кыргызстандыкка Россияга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесине киргизилгени маалым болду. Ошондой эле өткөн жылы 6 271 кыргызстандык Россиядан депортацияланган.