Кыргызстан Пакистан менен эки тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Пакистан Сенатынын төрагасы Сайед Юсуф Раза Гиллани менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКдан кабарлашты.
Тараптардын жолугушуусу бүгүн, 6-апрелде Ташкент шаарында уюштурулган Парламенттер аралык бирликтин кезектеги жыйындарынын алкагында өткөн.
Жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Пакистан өлкөсү менен эки тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгиледи.
“Мамлекеттер аралык байланыштарыбыз жылдан жылга бекемделип, Ислам кызматташтык уюму, Шанхай кызматташтык уюму өңдүү эл аралык жана аймактык бирикмелердин алкагында да тыгыз иш алып барып келебиз. Бирок эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү өрчүтүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөрүбүз толук пайдаланыла элек. Дүйнөдөгү кырдаалды, анын ичинен геосаясий өзгөрүүлөрдү, экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү эске алуу менен кызматташтыкты өнүктүрүбүз кажет”, – деди.
Мындан тышкары, төрага байланыштарды кеңейтүүдө парламенттик дипломатиянын ролу жогору экенине токтолду.
“Парламенттер аралык кызматташуу мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашууга гана өбөлгө түзбөстөн, эки тараптуу өнөктөштүктүн жаңы багыттарын ачууга жардам берет. Андыктан, Жогорку Кеңеш Пакистан менен парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдарбыз”, - деди ал.
Муну менен катар Нурланбек Тургунбек уулу билим берүү тармагындагы кызматташтык жигердүү уланып, учурда 18 миңден ашуун пакистандык студент Кыргызстанда билим алып жатканын белгиледи.
“Биз башка тармактарда да өнөктөштүктү кеңейтүүгө даярбыз. Айрыкча энергетика, айыл чарба, саламаттыкты сактоо жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет. Бул үчүн транспорттук-логистикалык жана түз аба каттамдарын ачуу маселелерин чечүү менен соода байланыштарын тереңдетип, экономикалык мамилелерибизди өнүктүрүү зарыл”, – деди.
Мындан тышкары, баарлашууда Төрага CASA-1000 долбоорунун ишке киргизилишин колдой тургандыгын да кошумчалады.
Өз кезегинде Пакистан Ислам Республикасынын Сенатынын төрагасы Сайед Юсуф Раза Гиллани Пакистан мамлекети үчүн Кыргызстан Борбор Азиядагы негизги өнөктөш өлкөлөрдүн бири экенин белгиледи.
“Биз бардык тармактар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Айрыкча соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүп, ишкердик чөйрөнүн кызматташтыгын калыптандырууга аракет кылабыз”, – деди.
Мындан тышкары, Сенат төрагасы билим алууну каалаган пакистандык студенттерге түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр үчүн төрага Нурланбек Тургунбек уулуна ыраазычылык билдирип, өзү да Пакистандын премьер-министри кызматын аркалап турган учурда Кыргызстанга келип кеткенин эске салды.
“Кыргыз элинин меймандостугу жана бай маданияты пакистандыктарды дайыма кызыктырып келет. Андыктан байланыштарды арттырып, парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү менен жарандарыбыз ортосунда дагы достук мамилерибизди кеңейтишибиз керек”,- деген Сайед Юсуф Раза Гиллани Жогорку Кеңештин Төрагасын Пакистанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү
