Ошто тамак-аш коопсуздугу боюнча рейддик иш-аракеттер жүрүп жатат
18 апрель

Ошто тамак-аш коопсуздугу боюнча рейддик иш-аракеттер жүрүп жатат

Ош шаарынын мэриясынын тийиштүү бөлүмүнүн жана санэпид көзөмөлдөө борборунун адистери тарабынан профилактикалык рейддер жүргүзүлүүдө.

Башкы максат Ош шаарында жугуштуу, жугуштуу эмес оорулардын, тамактан уулануулардын алдын алууда тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.

Анын алкагында шаардагы коомдук тамактануучу жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-ветеринардык, санитардык-техникалык, коопсуздук эрежелердин сакталуусу текшерилүүдө.