Ашуулардагы абал: Жол тазалоо иштери жүрүүдө
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам ашууларда кар жаап, жол тазалоо иштери жүрүүдө, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.
Жумуштар «Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылып жатат. Каттам бар.
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Ак-Бейит, Түз-Бел жана Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, инерттик материалдар чачылууда.
Ал эми Төө-Ашуу менен Ала-Белде күн бүркөк.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.
