Президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы алмашты
18 апрель

Президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы алмашты

Муратбек Азымбакиев КР Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан кабарлашты.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Азымбакиев Муратбек Абакирович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчысы кол койгон башка жарлыкка ылайык, Сагынбек Абдумуталип КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды.