МСКнын башчысы: ЭТТК бардык товарлар үчүн колдонулбайт
23 декабрь

МСКнын башчысы: ЭТТК бардык товарлар үчүн колдонулбайт

Электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) кагаздары бардык товарлар үчүн колдонулбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин 23-декабрдагы жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. 

ЭТТК мунай заттары, тамеки буюмдары, алкоголдук ичимдиктер, дары-дармек жана медициналык буюмдар үчүн гана колдонулат.