Ак-Талаада мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жарандар кармалды
26 июнь

Ак-Талаада мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жарандар кармалды

2025-жылдын 10-июль күнү Нарын облусунун Ак-Талаа РИИБи тарабынан "Арсенал" аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Ак-Талаа районунун тургуну Р.Т. «ИЖ-56» үлгүсүндөгү 5.6 мм калибрдеги сайлуу ок атуучу куралды, ошондой эле А. уулу Б. «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү 5.6 мм калибрдеги сайлуу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн жеринен кармалган.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандар Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Ички иштер министрлиги эскеретет: трамвалык аракеттеги патрондор менен атууга арналган газдык, сайсыз куралды, дүрмөтсүз, анын ичинде ыргытуучу куралдарды мыйзамсыз жасоо, сатып алуу, сатуу же алып жүрүү үчүн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пул, түзөтүү жумуштары же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу каралган.

Билүү маанилүү: ушул беренеде көрсөтүлгөн буюмдарды ыктыярдуу тапшырган адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Мындан тышкары мындай ок-дарыны, куралды же жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандыгы үчүн 1 600 сомдон 16 000 сомго чейин сый акы каралган.