Көкүм-Бий көчөсүн оңдоп түзөө иштеринин жүрүшү боюнча маалымат
26 июнь

Көкүм-Бий көчөсүн оңдоп түзөө иштеринин жүрүшү боюнча маалымат

Ош-Араван райондорун байланыштырган Көкүм-Бий көчөсүн толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү жумуштарынын алкагында жер астындагы суулардын деңгээли аныкталып, экспертизадан өткөрүлгөн. Бирок жолдун негизин даярдап, асфальт төшөө иштери башталганда жер астындагы суу көтөрүлүп, басылган асфальттин бузулуусу байкалган. Ага байланыштуу төшөлгөн асфальттин катмары алынып, кайрадан суунун деңгээлине байкоо жүргүзүлгөндө бир топ мурункудан жогору экендиги байкалган.

Мунун себеби катары жолдун айланасындагы отуздай дренаждык каналдар совет бийлиги учурунан бери (35-40 жыл) такыр тазаланбай, каралбай калгандыктан саздак суу жер астына олтуруп, сиңип турган. Натыйжада жолду оңдоо иштери башталып, жердин негизи даярдалганда суу топтолуп, мурункудан да көбөйгөн.

Бул багытта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бир канча ирет жеринде жолчулар, адистер жана экологдор менен көчмө техникалык кеңешмелерди өткөрүп, абалды жөнгө салып, жолдун курулушун тездетип бүткөрүү талабын койгон. Кеңешмедеги сунушка ылайык саздак суунун агып чыгуусу үчүн дренаждык канал толук тазаланды. Ал эми жолго Араван районунан атайын ӨКМдин базасынан таш алып келип төшөлүп, анын үстүнө жолдун негизи жасалып, асфальт төшөө чечими кабыл алынган. Буга чейинки жана алдыда жасалчу жумуштардын бардык чыгымдары тендерден уткан компаниянын эсебинен толук жасалат.