Кыргызстанда жаңы 12 мал союучу жай салынды
Кыргызстанда жаңы 12 мал союучу жай салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ветеринардык кызматтын Реестринде 101 мал союучу жай катталган.
Анын ичинен:
- 10 - чоң стандартагы мал союучу жай,
- 64- чакан мал союучу жай,
- 27 - мал союучу аянтча.
Анын ичинен 15и ветеринардык санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн убактылуу ишмердүүлүгү токтотулган. Ошондой эле 10 мал союлуучу жай ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине катталган.
"Мал союучу жайы жок райондорго жана шаарларга мал соючу жай салдыруу боюнча Ветеринардык кызматтын жетекчилиги тарабынан тапшырма берилип, жергиликтүү бийликке кайрылып, жыйынтыгы менен 12 жаңы мал соючу жай салынды", - деп айтылат маалыматта.