ОСАГО боюнча элдин активдүүлүгү күн санап өсүүдө
Кыргыз Республикасынын жарандары 2025-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кире турган «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу» тууралуу мыйзамга байланыштуу ОСАГО полисин алуу аракетин күчөттү.
Бүгүн, 26-июнга караган түнү Бишкек шаарындагы Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун филиалында 204 полис жазылып берилди. Бул унаа ээлеринин мыйзам талабын өз убагында аткарууга болгон аракетин көрсөтөт.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 26-июнуна республика боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталды:
- Нарын облусунда – 550 полис,
- Ош облусунда – 2 014 полис,
- аткен облусунда – 971 полис,
- Талас облусунда – 575 полис.
Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму калкты ОСАГО боюнча маалымат алуу жана полис сатып алуу үчүн облустагы жана райондордогу бардык филиалдарга кайрылууга чакырат. Бардык кеңселер кеңейтилген тартипте, айрымдары 24/7 режиминде иш алып барууда.
