Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу – Чүй облусу бир айлыктын жеңүүчүсү аталды
9 октябрь

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу – Чүй облусу бир айлыктын жеңүүчүсү аталды

Өзгөчө кырдааллар министрлигинде “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыялаган бир айлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, быйыл 5-сентябрдан 5-октябрга чейин өлкөбүздүн бардык аймагында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу иш-чаралары ийгиликтүү уюштурулду.

Ага ӨКМдин башкармалыктары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жарандык коргонуу кызматтары жана студенттер, окуучулар жигердүү катышып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, калктын маалымдуулугун жогорулатуу, практикалык көндүмдөрдү үйрөтүү жана кооптуу аймактарда жашаган тургундардын даярдыгын арттыруу багытында окутууларын өткөрүштү.

Бул жолу биринчиликти багындырган Чүй облустук башкармалыгына кырсыктардын тобокелдигин азайтууда ийгиликтерди жараткандыгы үчүн ӨКМдин өтмө туусун министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов тапшырды.

Экинчи орун Ысык-Көл, үчүнчү орун Талас облустарына ыйгарылды.