Ала-Букада түнү көчөдө жүргөн 21 өспүрүм кармалды
Ала-Бука районунун аймагында "Түнкү өспүрүм" рейди өткөрүлүп, анын алкагында саат 22:00дөн кийин ата-энесинин коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Рейд учурунда райондун аймагында жалпы 21 жаш өспүрүм балдар аныкталып, алардын ата-энелери чакыртылып, аларга Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулуп, эскертүүлөр берилди.
Рейддин максаты район аймагында жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштарды болтурбоо, аларды ар кандай жаман көрүнүштөрдөн кайтаруу болуп саналат.
