Кыргызстандын Чек ара кызматы Жеңиш эстафетасын кабыл алды
29 апрель

Кыргызстандын Чек ара кызматы Жеңиш эстафетасын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациябашкармалыгы 2025-жылдын 29-апрелинде “Ак-Жол-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда Эл аралык аскердик-мекенчилдик акциянын символу болгон “Жеңишэстафетасын” тосуп алуу салтанаттуу аземи өткөндүгүн маалымдайт.

Казакстан Республикасынын Чек ара кызматынын өкүлдөрү Жеңиш эстафетасын кыргыз кесиптештерине өткөрүп беришти. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган эл аралык акция Брест (Беларусь Республикасы) жана Мурманск (РоссияФедерациясы) шаарларынан 2025-жылдын 2-февралында бир убакта эки багыт боюнча старт алган жана ал КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлопөтүүдө.

Кыргызстандын аймагында Жеңиш Эстафетасы 2025-жылдын 29-апрелинен 4-майга чейин болуп, ал Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынкыдырып өтөт. Жеңиш эстафетасын кабыл алуу салтанаттуу аземинен кийин Кыргызстандын чек арачыларынын эстафета тобу “Кант” жана “Токмок” чек аразаставаларына кайрылышты.

Заставалардын өздүк курамы Жеңиш символун өзгөчө сезим менен тосуп алды. Иш-чаранын жүрүшүндө КР УКМК Чек ара кызматынынөкүлү полковник Талант Сабиров: “Жеңиш эстафетасы - биздин Мекенибиздин эркиндигин жана эгемендигин өз өмүрүнүн баасыменен коргогон жоокерлердин үлгүлүү эрдигин жана баатырдыгын азыркы жана келечектин муундарына эске салып турган символ. Бул фронтто жана оорукта жан аябай эмгектенген биздин аталар, энелержана чоң аталар тууралуу ыйык эс тутум. Жеңиш эстафетасы - биздин жалпы жеңиштин бек өзөгү болгон бардык өлкөлөрдүн чек арачыларынын достугун жана күжүрмөн биртуугандыгын эскертүүчү маанилүү символ” деп белгиледи.

КР УКМК Чек ара кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы запастагы полковник Буржуев Чолпонбек Зарлыкович булиш-чара кыргызстандыктар үчүн терең мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

“Жеңиш эстафетасынын символу кыргызжергесине келгендиги биздин өлкөнүн ар бир тургунун толкундандырат. Дээрлик ар бир үй-бүлө өз жакындарын согушка узаткан. Оорукта биздин мекендештер эвакуация болгондорду тосуп алып, аларгажардам көрсөтүп, фронтто жүргөндөргө бардык керектүү нерселерди үзгүлтүксүз жөнөтүп турушкан. Ал кезде али жапжаш, бирок тынчтык үчүн,балдарынын, неберелеринин жана чөбөрөлөрүнүн келечеги үчүн жанын курман кылууга даяр болгон биздин чоң аталарыбыздын согуш жөнүндө баяндарын угуп жүрүп,көпчүлүгүбүз бой жеткенде Мекен коргоого өмүрүбүздү арнаганбыз. Жеңиш Эстафетасын тосуп жатып биз душмандарды алгачкылардан болуп тосуп алып, майданталаасында кагылышууда курман болгон адамдарга, аман калып тынчтыкта турмуш курууга кайтып келген адамдарга таазим кылып турабыз”, - деди запастагы полковник Ч. Буржуев.

Жеңиш эстафетасы мындан аркы сапарын Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарындагычек ара тарамдарында улантат. Ар бир аймакта чек ара тарамдарынын өздүк курамынын, чек ара ардагерлеринин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттууиш-чаралар өтөт. 2025-жылдын 4-майында “Бордобо-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында кыргыз чек арачылары Жеңиш Эстафетасын Тажикстан Республикасындагы кесиптештерине өткөрүп беришет.

Маалымдама: Алгачкы аскердин-мекенчилдик “Жеңиш эстафетасы” акциясын 1995-жылы КМШ өлкөлөрүнүн Чек ара аскерлеринин колбашчыларынынкеңешини колдоп, чек арачы-ардагерлерди демилгеси менен өткөрүлүп, Улуу Жеңиштин 50 жылдыгына арналган. Анын негизгимаксаты – Шериктештиктин чек араларында жакшы коңшулаштык мамилелерди бекемдөө болду. Бул асыл демилге элдердинбиримдигин жана тарыхый достугун чыңдоого, ошондой эле өсүп келе жаткан муундарды чек арачылардын даңктуу салттарына тарбиялоого багытталган. Ошондон тарта Жеңишэстафетасын КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларында өткөрүү жакшы салтка айланып, ал чек араны дайыма биринчилерден болуп коргогон чек арачылардын эрдигин жанаэрдигин символдоштурат. Жеңиш эстафетасы 1941-жылдын июнь айындагы салгылашты биринчилерден болуп кабыл алган чек арачыларды эскерүүнүн символу. Масштабдуу аскердик-мекенчилдик Жеңиш эстафетасыакциясы 28-майда Москва шаарында “Белгисиз жоокердин күмбөзү” мемориалдык комплексинин.